Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:28

Мыйзам бузган цыгандар Франциядан айдалат


Француз бийликтери цыгандардын мыйзамсыз конуштарын бузуп, алардын мыйзам бузгандарын Европа Биримдигинен айдап чыгууга чакырды. Үндөө президент Никола Саркози этникалык азчылыктар коопсуздук проблемаларын жаратат дегенден кийин жасалды. Франциянын ички иштер министри Брис Ортефенин билдиришинче, цыгандардын 300 мыйзамсыз конушу бузулуп, алардын көчүп жүрүшүнө тыйуу салынат жана мыйзамды бузган цыгандар келген өлкөсүнө токтоосуз чыгарылат.
Бийликтердин эсебинче, Францияда 15 миңдей Чыгыш европалык цыган бар. Алардын көбү Румыния жана Болгария 2007-жылы Биримдикке кошулгандан кийин келген деп боолгонууда.

XS
SM
MD
LG