Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:31

Апрелде жабыркаган ишкерлердин жоготуулары 526,1 млн. сом


Апрель окуяларына байланыштуу экономикалык чыгымдарды эсептөө жана ишкерлерди колдоо боюнча түзүлгөн Мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны болду. Аталган комиссия апрель окуяларында жабыркаган ишкерлердин жалпы жоготуулары 526 миллион 100 миң сомдун тегерегинде болгонун эсептеп чыкты. Алардын ичинен орто жана ири бизнес 304 миллион сомго, продуктуларды ташуучу ишкерлер 54,5 миллион сом, аренда менен иштегендер 167,6 миллион сомго жабыркашкан.

Ал эми жабыр тарткандардын тизмесине 354 ишкердик объект кирген. Алардын жетимиш үчү орто жана ири бизнес, товар ташуучу ишкерлер 56, аренда менен иштегендер 225 болгон. (IJz)

XS
SM
MD
LG