Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:48

Президент Баткенге иш сапары менен келди


Президент Роза Отунбаева бүгүн иш сапары менен Баткенге келди. Өлкө башчысын жеткирген учак Баткен шаарынын аба майданына конду. Президентти ИИМ, Транспорт жана коммуникация, Саламаттыкты сактоо министрлери коштоп келишти. Алдын ала программа боюнча президент Баткенде суу жана жарык маселесин чече турган “Теке секирик” долбоору менен таанышат. Мындан тышкары Отунбаева жогорку вольттуу системаны куруу боюнча “Айгүль Таш” долбоору менен да жеринен таанышып кайтмакчы. Түштөн кийин өлкө башчысы облустун активдери менен жолугушууларды өткөрөт. Андан соң Кадамжай районундагы курулуш обьектилери менен таанышып, райондогу жаңы курулган мектептин бет ачар аземине катышат. (EK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG