Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Кыргызстан элдер ассамблеясы ЕККУ полициясынын Кыргызстанга киришин колдойт


Бул тууралуу Кыргызстан элдер ассамблеясынын жоопту катчысы Светлана Пак бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ЕККУ полиция күчтөрү жергиликтүү укук коргоо органдарынын иш-аракеттерине байкоо салып, кеп-кеңешин берет. Бул өз кезегинде аймактагы тирешүүнүн азайышына алып келмекчи. “Кыргызстан менен Косоводогу абалды салыштырууга эч болбойт” деген Светлана Пак ЕККУ полициячылары керек болсо кечигип өлкөгө киргизилип жатат деген өкүнүчүн билдирди. Пактын пикиринде сырттан күчтөр канчалык эрте кирсе, кандуу тополоңдун себепкерлерин табуу оңойго туруп, Кыргызстанда стабилдүүлүк тез орномок. (EK)

XS
SM
MD
LG