Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Р. Гэйт: WikiLeaks сайтынын аскерий сырды жарыялоонун коркунучун айтты


АКШ коргоо министри Роберт Гэйтс Ооган согушу жөнүндөгү АКШ армиясынын 92 миңдей жашыруун документеринин ачыкка чыгып кетүүсү америкалык аскерлер менен алардын союздаштарына “олуттуу жана коркунучтуу” зыян келтириши мүмкүн экенин эскертти.

Гэйтс 29-июлда Пентагондогу маалымат жыйынында WikiLeaks сайты купуя аскерий сырды жарыялап, АКШ армиясынын тактикасы жана техникасы жөнүндөгү маалыматты өлкө душмандарынын колуна сала берди деди:

-Береги жарыяланган документтердин зыяны биздин аскерлерибиз, союздаштарыбыз жана Ооган өнөктөштөрүбүз үчүн олуттуу жана коркунучту. Алар биздин дүйнөдөгү негизги өнөктөштөрүбүз менен болгон алакага да зыян тийгизиши этимал.

Гэйтстин сөзүнчө, Пентагон жашыруун маалыматтарды басмага чыгышына кимдер көмөктөшкөнүн ыкчам иликтөөгө ынтызар жана жардамга АКШнын Федералдык чалгындоо кызматы чакырылган.

WikiLeaks сайтынын түптөөчүсү Жулиан Ассан (Julian Assange) аскерий сырды жарыялоо Ооган согушу жөнүндөгү жаңы талкууга түрткү болот деген үмүтүн айтып актанды.

XS
SM
MD
LG