Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

Эл артисти М.Темирбеков дүйнөдөн кайтты


Кечээ 29-июнда 77 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, ырчы, коомдук ишмер, профессор-окутуучу Марлен Темирбеков дүйнөдөн кайтты.

М.Темирбеков 1933-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 1958-жылы Москвадагы П.И.Чайковский атындагы мамлекттик консерваторияны В.Ф.Кариндин классынан бүтүрүп, опера ырчылык (баритон) кесибине ээ болгон.

Консерваторияны бүткөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү академиялык опера жана балет театрына солист болуп кирген. Ал дүйнөлүк, совет жана кыргыз операларында башкы ролдорду аткарган. П.Чайковскийдин “Евгений Онегининен” Онегиндин, “Иолантасынан” Роберттин, “Черевичкисинен” Шайтандын, “Пиковая дамасынан” Елецкийдин, В.Власов, А.Малдыбаев, В.Ференин “Манас” операсынан Чубактын, “Айчүрөктөн” Канчоронун, М.Раухвергердин “Жамиласынан” Даниярдын, Ш.Гунонун “Фаустунан” Валентидин, Ж.Бизенин “Карменинен” Эскамилионун, Ж.Россинин “Сивильялык чачтарачынан” Фигаронун ж.б. партияларды аткарган.

Театрда иштөө менен бирге Кыргыз кыз-келиндер институтунун музыка факультетинде, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында, Б.Бейшеналиева атындагы мамлекеттик искусство институтунда педагог болуп иштеген.

1993-жылы Кыргыз консерваториясы ачылгандан баштап, өмүрүнүн акырына чейин жеке ырдоо кафедрасынын башчысы, професоору болуп эмгектенип келди. Көптөгөн чет өлкөлөрдө гастроллдо болгон. “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн”, “Эмгек ардагери” медалдары, “Данакер” ордени, КРнын Жогорку Кенешинин, Молдова Республикасынын Жогорку Кенешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Маркум менен коштошуу 2010-жылдын 30-июлунда саат 10:00дө Кыргыз улуттук А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында болот. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. М.Темирбеков дүйнөдөн кайтканына байланыштуу президент Р.Отунбаева баштаган өкмөт мүчөлөрү, коомдук жана саясий ишмерлер анын жакындарына, туугандарына көңүл айтышты. (IJz)

XS
SM
MD
LG