Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Кыргызстанда адам укуктарын бузууга жол берилбейт


Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан бийлиги - укук коргоо уюмдары менен кызматташууну жарандардын укугун бузуу фактыларын аныктоо жана аларды алдын алуу боюнча маанилүү инструмент катары карайт.

Кыргызстан бийлиги өлкөдө Ош жана Жалал-Абад облустарындагы өзгөчө кырдаал шартында адам укугун бузуу окуяларын аныктоо, аларды алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзгөн ата мекендик, эл аралык уюмдардын ишин колдойт.

Кыргызстанда өнүккөн жарандык коом бийликтен ачыктыкты жана мыйзамдын сакталышын талап кыла алат.

Президент Роза Отунбаева жана өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилери ата мекендик жана чет элдик укук коргоочулар, анын ичинде БУУнун адам укугу боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы, «Хьюман Райтс Уотч» жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен такай жолугуп, көйгөйлөрдү талкуулап турушат.

Өлкө бийлиги укук коргоочулар менен кызматташууну маанилүү инструмент катары карайт, ал бийликке маморгандардын кызматкерлери тарабынан укук бузууларды аныктоого жардам берет.

Кыргызстандын жетекчилиги кыйноолорго, сабоолорго, жарандарга далилзат таштоо, оройлук жана кемсинтүү, опузалоо, шантаж жасоо, улутуна карап укугун чектөө сыяктуу көрүнүштөргө учурда жол бербейт жана мындай фактыларды тез арада жоюу зарыл деп эсептейт.

Андан тышкары бийлик жарандардын укуктук бийлигин жогорулатуу, чыр-чатакты күч жолу менен эмес, укуктук жол менен чечүү боюнча демилгелерди колдойт.

Укук бузуулар тууралуу так маалыматтын жоктугу күч органдарындагы тартип бузуучуларды аныктоого көмөк көрсөтө албайт. Өлкө бийлиги жарандарды укук бузуу тууралуу реалдуу фактыларды тийиштүү органдарга – прокуратурага, ИИМ, Акыйкатчыга билдирүүгө чакырат. Анткени бул учурда мыйзамдуу негизде иликтөө мүмкүнчүлүгү пайда болот.

“Эгерде күнөөсү далилденсе, укук коргоо органдарынын ар бир кызматкери тийиштүү жазасын алаарына мамлекет кепилдик берет. Ар бир кылмышкер адилет жазасын алууга тийиш. Кыргызстан бийлиги үчүн күнөөлүү тарапты жоопко тартууда анын улуту эске алынбайт”,- делет адам укуктарын коргоого байланышкан билдирүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG