Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Ислам конференциясы Кыргызстанга даректүү жардам берет


Бул боюнча атайын чоң программа даярдалып жатканын Ислам конференциясынын вице-президенти Ал-Маннан Аль-Бахид баштаган делегация бүгүн Ош шаарында өлкө президенти Роза Отунбаева менен болгон жолугушууда билдирди. Жолугушууда президент Кыргызстанда саясий күрөш токтой электигин, ушул жылдын 10-октябрында парламенттик шайлоо болорун айтты. Өлкө башчы кыйын кырдаалда көмөк көрсөтүп жаткан аталган уюмга ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан алар менен турукутуу иштешүүгө даяр экенин кошумчалады.

“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, Р.Отунбаева бүгүн Кара-Суу районунун Шарк, Фуркат, Маданият айылдарын кыдырып, Кара-Суудагы Мусаев атындагы мектептин жаңы окуу жылына даярдыгы менен таанышат. Ошондой эле тополоңдо дайынсыз жоголгондордун тууган-уруктары менен кездешүсү күтүлүүдө. Андан сырткары Кыргызстан элдер ассамблеясынын өкүлдөрү жана облус жаштары менен жолугушат.

Р.Отунбаева кечээ Баткен облусун кыдырып, облус эли менен жолугушкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG