Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Ош шаардык кеңеши ЕККУ полициясы киргизилбесин деген чечим чыгарды


“Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, мындай чечим Ош шаардык кеңешинин бүгүн өткөн 24-сессиясында кабыл алынды. Ушундай чечим кабыл алууну депутат Назаралы Арипов сунуштаган. Мындай сунушту шаардык кеңештин депутаттарынын көбү колдоого алган. Ушул эле жыйында депутаттар Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду, комендант Курсан Асановду жана тополоңдо курман болгон депутат Аскар Шакировду Кыргыз Эл баатыры наамына көрсөтүштү. Ош шаардык кеңеши бүгүн өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды талкуулоо үчүн чогулган.
Шаардык кеңештин каза болгон депутатын кошпогондо 29 депутаттын бар. Өзбек тектүү жети депутаттын үчөө жыйынга катышып, Ошто абал турукташып калганын белгилешип, ЕККУнун полиция күчтөрүнүн киргизилишине каршы пикирлерин айтышты.

ЕККУ полициячыларынын киришине каршылык билдирген акциялар буга чейин Бишкек, Ош, Талас жана Каракол шаарларында өткөн болчу.

Ал эми президент Р.Отунбаева полиция куралсыз, убактылуу мөөнөткө кирерин, бул өлкө коопсуздугу үчүн жасалган кадамдардын бири экенин белгилеп келет. Ал ЕККУнун полиция күчтөрү түштүктө Кыргызстандын күч органдарына укуктук жактан сабак өтүп, кеңеш берип, мониторинг жүргүзүп, жардам беришерин айткан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG