Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Ошто бир суткада 77 кылмыш катталды


Ош облусунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, облустук ички иштер бөлүмү бир суткада 77 кылмыш каттаган. Маалыматка ылайык, жарандардан келип түшкөн арыздардын көбү 10-17-июнь аралыгында жасалган кылмыштар боюнча. Ошондой эле шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 11 кылмыштын бети ачылып, Калашников үлгүсүндөгү автомат, бош ок чонтой табылган. Коменданттын басма сөз кызматы өз ыктыяры менен ок-дарыларды тапшыруу фактылары да бар экенин белгилейт. Маалыматка ылайык Ошто учурда абал туруктуу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG