Уйгур-Америка Ассоциациясынын маалыматына караганда, ал үчөө Синдзянь батыш аймагындагы уйгурлардын арасында популярдуу интернет-сайттардын (анын ичинде белгилүү Шабнам деген веб-баракчасынын) негиздөөчүлөрү экен. Кармалгандар мындан мурун 2009-жылы Кытайдын Үрүмчү шаарындагы этникалык тополоңго катышышкан. Бул жолу үчөө тең 10 жылга кесилди.