Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Жалал-Абадда адам укугу боюнча жаңы долбоор ишке кирди


Адам укугун коргоо боюнча башкы комиссариат кубаттаган долбоорду облустагы мыйзамдыкка каршы күрөшүүчү “Адилеттик” уюму ишке ашырууда. Долбоор “реалдуу жардам – турукташтыруунун кадамы” деп аталат. Адам укугун коргоочу “Адилеттиктин” маалымат катчысы А. Шариповдун билдирүүсүндө, долбоорго ылайык өткөн айлардагы баш аламандыктарда жабыр тарткандардын өздүк документтерин калыбына келтирүүгө юридикалык жардам көрсөтүлөт. Кыйноолор менен зордук-зомбулуктарга байкоо жүргүзүлүп, элдердин ортосундагы ынтымакты чыңдоо, укуктук-маалыматтык иш аракеттери жасалат.

Уюмга облустагы тополоң окуялардан кийин адам укугу бузулуп, кыйноо тарттым деген 6 кишиден арыз түшкөн. Обулустук ички иштер башкармасы баш аламандыктарга катышы бар деген шек менен буга дейре 76 адам кармалганын маалымдаган. (YA)

XS
SM
MD
LG