Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

Нидерландия Ооганстандагы озуйпасын аяктады


Голландиянын 950 солдаттан турган аскерий миссиясы Урузган провинциясынан чыгарылат жана мекенине кайтарылат. Провинциядагы коопсуздукту камсыз кылуу милдети америкалык жана австралиялык аскер бөлүктөрүнө берилет. Эл аралык коалициянын курамында голланд аскерлери төрт жыл кызмат кылышты, бу мезгил ичинде алар 24 жоокерин жоготту. Быйыл жыл башында аскерий миссиянын мандатын узартуу маселеси талашка түшүп, Нидерланд өкмөтүнүн таркашына алып келген эле.

XS
SM
MD
LG