Өлкөнүн түндүк-батышындагы Хыбер-ПахтоонКва ооданында маалымат министри Миан Ифтихар Хусаин сууга чөккөндөрдүн саны 1100дөн ашып, бир жарым миллиондон ашык киши үй-жайынан ажыраганын бышыктады. Хусаин курмандыктардын баары эле катталбаган болушу мүмкүн экендигин кошумчалады. Оодандын Кырсыкты көзөмөлдөө кеңсесинин маалымат катчысы Латифур Рехмандын айтымында, учак менен көзөмөлдөөнүн мезгилинде бүтүндөй кыштактарды суу алып, мал чөгүп, дан кампалары талкалангандыгы айгине болууда.