Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Жогорку Кеңештин алдында митинг өттү


Бүгүн Жогорку Кеңештин алдында алтымышка чукул адам нааразычылык акциясына чыгышты. Алар жоюлуп кеткен “Кыргыз керектөөчүлөр биримдигин” калыбына келтирүүнү талап кылышууда. Жоюлуп кеткен мекеменин мурдагы кызматкерлери бийликтен бул маселени мыйзам чегинде карап, чечип берүүлөрүн суранышууда. Ошондой эле алар Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун, Мамлекеттик статистика комитетинин жетекчисинин кызматтан кетүүсүн талап кылып жатканын айтышууда. Алардын айтымында, дал ушул жетекчилер “Кыргыз керектөөчүлөр биримдигин” кайра түзүүгө тоскоолдук көрсөтүп атышат. Митингчилердин арасында жогорудагы мекеме жоюлганда өз үлүштөрүн ала албай калгандар да бар. Окуя болгон жерден кабарчыбыз билдиргендей, алардын эки өкүлү бийлик өкүлдөрү менен жолугуу үчүн Жогорку Кеңешке кирип кетишти. (IJz)

XS
SM
MD
LG