Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:31

Пакистандан селден жапа тарткандардын саны такталууда


Эл аралык Кызыл чырым уюмунун маалыматына ылайык, жаратылыш кырсыгында аз дегенде 1100 киши сууга чөгүп, нөшөрлөп өзгөчө көп жааган жаандан улам жүргөн селдерден эки жарым миллиондон ашыгы жапа чекти. Түндүк-батыштагы Хайбер Пахтункава дубанында калк борбордук өкмөттүн аракетсиздигине нааразылык билдиришкен. Дубандын бийликтери каза болгондордун саны бир жарым миңге жеткен болушу мүмкүн экенин маалымдады. Эл аралык Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай уюмдары бүгүнкүгө чейин 20 миңден ашык кишиге жардам жөнөтүштү.

XS
SM
MD
LG