Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

С.Аникеев талаптары орундалбаса өзүн-өзү өрттөйт


Былтыркы президенттик шайлоодо Бириккен элдик кыймылынын Токтогул району боюнча штаб башчысы болгон Салабат Аникеев жалпы коомчулукка жана өлкө жетекчилигине ачык кайрылуу жолдоду.

Анда ал 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөт мүчөлөрү айткан убадаларын унутуп бийлик, байлык талашууга өтүшкөнү, андай тенденция бүгүн да уланып атканы айтылат.

С.Аникеевдин айтымында, К.Бакиевдин учурунда Токтогул районунун акиминин орун басары болуп турган Сатылган Арстанбеков бүгүн аким болсо, “Ак жол” партиясынын Кызыл-Туу айылы боюнча координатору Маданбек Эшматов анын орун басарына айланды. Мындай көрүнүштү ал 7-апрелде Бишкекте окко учкан 87 адамдын аркасынан бийликке келип алгандардын бузулгандыгы менен түшүндүрөт.

Ошондой эле ал Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев, учурда президенттин администрациясын башкарып аткан Эмил Каптагаев баштаган адамдарды айыптап, аталган адамдар өзүм билемдик кылып атышканын айтат.

С.Аникеев бийлик өкүлдөрүнө талап коюп, эгер К.Бакиевдер менен байланышы бар Токтогул районунун акими менен анын орун басары кызматтан алынбаса, алардын ордуна ыңкылапчылардан бирөө дайындалбаса 9-августта саат 12:00дө Токтогул районунун акимчилигинин имаратына келип, өзүн-өзү өрттөй турганын айтат.

Азырынча бийлик өкүлдөрү, кайрылууда аты аталган адамдар кайрылуу боюнча өз пикирлерин айтыша элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG