Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

Р. Казакбаев: Эл аралык полиция өкүлдөрү бизге жардамдашат


Кыргызстанга эл аралык полициялык кеңешме тобун киргизүүгө өлкө ичинде талаш-тартыш күчөп, каршылык аракеттери болуп жатат. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев "Азаттыктагы" маегинде бул маселени кээ бир күчтөр саясатка айландырып, өз кызыкчылыгына пайдаланып жатканын билдирди.


- ЕККУнун полициялык кеңешме тобу тууралуу коомчулукта жана ММКларда ар кандай сөздөр айтылып, эл арасында нааразылыктарды пайда кылып жатпайбы. Мына ушул полициялык кеңешме тобунун милдеттери жана алардын аткаруучу иштерине кыскача токтоло кетсеңиз?

- Чындыгында азыр биздин өтүнүчүбүз боюнча ЕККУнун полициялык кеңешме тобунун Кыргызстанга келиши боюнча коомчулукта талаш-тартыштар көбөйдү. Тилекке каршы, мунун саясатка айландырып, кээ бир күчтөр бизге түшүнүксүз, башкача пикирлерди айтып жатышат.

Чындыгында өзүңүздөр билгендей, биздин түштүк аймактарда болгон каргашалуу окуялардан кийин биз эки тараптуу жана көп таратуу сунуштар менен кайрылып жардам сураганбыз. Мисалы, Орусияга, анан КМШ өлкөлөрүндөгү уюмдарга, ОДКБга, ошол эле убакта ЕККУга да кайрылганбыз.

Азыр ЕККУга мүчө болгон 56 мамлекеттин атынан Кыргызстанга полициялык кеңешме тобунун келиши боюнча бир добуштан чечим чыгарылган. Вена шаарындагы Туруктуу Кеңеш 22-июлда ошондой чечим чыгарып, азыр 56 мамлекеттен талапкерлерди Кыргызстанга жөнөтүү боюнча иш жүрүп жатат.

- Ошол полициялык кеңешме тобунун милдеттерине кыскача токтоло кетсеңиз?

- Полициялык кеңешме тобунун аты эле айтып атпайбы кеңешме тобу деп. Алар келип биздин укук коргоо органдарына жардам беришет, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү аймактардын ички ишине киришүү болбойт. Алар келип биздин укук коргоо органдарына жардам, кеңеш беришип, ошондой эле мыйзамдын сакталышына жардам беришет.

Дүйнөнүн ар кыл мамлекеттеринде ушундай каргашалуу окуя болгон жерлерде иштеп, чоң тажрыйба жыйнаган эксперттер келип жардам беришет, мониторинг жүргүзүшөт. Керек болсо биздин укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутуп тажрыйба бөлүшөт.

- Ал эми эл арасында Ошту Косоводой кылып бөлүп ийет экен деген кооптонуулар болуп атпайбы, буга кандай пикир айтасыз?

- Бул полициялык кеңешме тобунун иштешине каршы чыгып турган жаштар жаштар уюмдары, же болбосо кээ бир саясат таануучулардын иштерин, сүйлөгөндөрүн анализ кылып, алар менен Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери сүйлөшүп, пикир алмашып атабыз.

Косово, Грузия менен салыштырып кеттиңиз. Мындай бир мамлекетте, же эки мамлекетте болгон каргашалуу окуяларды салыштырганга болбойт. Мисалы ошол эле Косовону айталы, ал жакта жагдай такыр башкача болгон. Ал жердеги окуя жүз жылдап келаткан тарыхый окуя.
48-жылдардын башында эле Косово Югославиянын ичинде өзүнчө автономияга ээ болуп келген аймак болуп саналган. Ал жерге куралдуу күчтөр келген. БУУнун резолюциясынын чечими менен Косово өкмөтүнүн өзүнүн чакыруусу менен куралдуу күчтөр киришкен. Ал жерде түздөн-түз жардам беришкен.

Бизге келе тургандар полициялык кеңешме тобу деп аталат. Бул биринчи жолу ЕККУнун тарыхында ЕККУнун секретариаты менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосунда меморандумга кол коюп туруп, бүт кыла турган иштердеги эки тараптуу жоопкерчиликти белгилеп туруп, анан келип жардам беришет.

- ЕККУнун полициялык кеңешме тобу түштүккө качан киргизилет жана алардын мөөнөтү канча болот?

- Алардын мөөнөтү төрт айга деп эсептелинип атат. Төрт айдан кийин кыргыз өкмөтү болду, бул жардам жетиштүү, чыгып кетсин дешсе алар ошол убакытта чыгып кетишет. Эми Кыргызстанга качан келе турганы боюнча азыр мөөнөт белгиленип атат, эң кыска учурда келиши мүмкүн. Венадагы Туруктуу Кеңеш талапкерлерди тандап алып атат. Биз сунуштарыбызды киргизгенбиз, алар орус тилин билсин, биздин улуттарга түшүнүктүү болсун, биздин үрп-адаттарды билген, тажрыйбасы чоң кесиптеги адамдар болсун деп.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG