Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Карачидеги кагылышта өлгөндөрдүн саны 58, шаарга кошумча күч киргизилди


Дүйшөмбүдө болгон этникалык кагылышта өлгөндөрдүн саны дагы 13 кишиге көбөйдү, Пакистан өкмөтү Карачиге кошумча коопсуздук күчтөрүн киргизди. Өкмөттүн маалымат катчысы Жами Сумро Карачиге кошумча күч ташталгандыгын тастыктап, канча экендигин айтуудан баш тартты. Бийликтер тополоңдо өлгөндөрдүн өздүгү менен себеби тууралуу азырынча көп маалымат бербей турат. Бейрасмий булактарда кагалыштын курмандыктары саясий партиялар менен этникалык топтордун мүчөлөрү экендиги айтылууда.

XS
SM
MD
LG