Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:38

БЭК партиясы У.Барктабасовго кайрылды


“Бириккен элдик кыймылы” партиясы эртең Бишкекте өтөрү пландалып аткан мурдагы президенттикке талапкер Урматбек Барктабасовдун курултайы тууралуу кайрылуу таратты. Анда Кыргызстан апрель жана июндагы окуялардан кийин оор абалда турганы, бирок кээ бир адамдар оор кырдаалдан пайдаланып өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууга аракет кылып атышканы, андайлардын бири У.Барктабасов экендиги айтылат.

Андан ары У.Барктабасов 2005-жылы эле бийликти күч менен басып алууга аракет кылып, азыр ал күздөгү шайлоого өз алдынча катышуунун ордуна мыйзамсыз иш-чараларды пландап атканы баяндалат.

Эртең Бишкекте өтөрү пландалган иш-чарага байланыштуу “БЭК” партиясы күч органдарына кайрылып, У.Барктабасовдун мыйзамсыз иш-аракеттери түбүнөн токтотулуп, анын өзүн кылмыш жообуна тартуу керектигин эскертет.

Ал эми учурда Балыкчы шаарында жүргөн У.Барктабасов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, алар 5-августта курултай өтөрү тууралуу маалыматтарды тиешелүү органдарга жөнөтүшкөнүн, курултайга келе турган жарандар өз пикирлерин айтууга укуктуу экенин билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG