Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

З.Рысалиев: Бишкектин коопсуздугуна көз салабыз


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев баш калаада учурда кырдаал тынч экенин, эртең менен саат алтыдан баштап кайгуул-күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери шаардын бардык аймактарына көзөмөл жүргүзө баштагынын билдирди. Анын айтымында, алдын ала маалыматтарга караганда Урмат Барктабасовдун тарапкерлери Бишкекке жеткирилип, баш-көз болбогон топтор коомдук тартипти бузууга барышы мүмкүн.

Ал ошондой эле издөө салынган Урмат Барктабасовду кармоо аракеттери болуп жатканын, Барктабасов кечээ саат төрттөн баштап кайда экени белгисиз болуп жатканын билдирди. Ал эми У.Барктабасовдун жардамчысы алар учурда Балыкчыда экенин, саат ондо Бишкекте курултайды өткөрүүгө жолго чыгышарын айтты.

“Мекен туу” партиясынын төрагасы Кенжалы Сарымсаков Жогорку Кеңештин жанында өтүүчү курултайга кечээ эле аймактардан делегаттар келишкенин, курултай тынч өткөрүлөрүн, бийликти басып алуу же башаламандык уюштуруу алардын планында жоктугун билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG