Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Бишкекте курултайга 2000 чамалуу адам чогулду


Бишкек шаарындагы Горький эстелигинин жанында “Мекен туу” партиясы уюштуруп аткан курултайга катышуу үчүн 2000 чамалуу адам чогулду. “Азаттыктын” кабарчысы жеринде кабарлагандай, алар учурда Балыкчы шаарынан келаткан авто колоннаны күтүп турушат. Чогулгандарды баштап жүргөн “Мекен туу” партиясынын төрагасы Кенжалы Сарымсаковдун айтымында, алар эч кандай мыйзамсыз иш-чараларды уюштурууну, бийликти басып алууну пландашкан жок. Курултайдын максаты – учурдагы кырдаалды талкуулоо жана У.Барктабасовдун элге кайрылуусун угуу болууда. Чогулдандар колдоруна “Келечегиң биримдикте Кыргызстан!”, “Ош коогалаңына ким жооп берет?” деген сыяктуу жазууларды көтөрүп алышкан. Ушул тапта Бишкекти көздөй келаткан авто колоннада У.Барктабасов да бар экени айтылууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG