Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

У.Барктабасовдун тарапкерлери Кантта токтотулду


Бишкекте бүгүн курултай өткөрүүнү пландаган Урмат Барктабасовдун Балыкчыдан келаткан тарапкерлери Бишкекке кире бериш жерде, Канттын Ново-Покровка айылындагы “Киргшелк” бекетинде токтотулду.

Бишкекке келаткан жол толук буулуп, аскер техникалары тартылып, атайын бөлүктөрдүн аскерлери, милиция кызматкерлери даяр турушат. Окуя болуп аткан жерден “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, Балыкчыдан келаткандар менен сүйлөшүүлөр жүрүп, аларды артка кайтууга үндөп жатышат.

Ал арада Жогорку Кеңештин алдына келишкен У.Барктабасовдун тарапкерлери, аны жолдо кармабоону, президент Р.Отунбаеванын чыгуусун талап кылышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG