Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:15

К.Байболов: Бийликти күч менен тартып алууну пландашкан


Күч органдарынын координациялык кеңеши бүгүн чукул жыйын өткөрүп, Бишкек шаарындагы кырдаал боюнча иш-пландарды такташып алышты.

Координациялык кеңештин чечими боюнча, ушул тапта Бишкек шаарында кырдаал толук көзөмөлдө турат жана абалды курчутууга аракеттенген күчтөргө карата катуу чаралар көрүлмөкчү.

Ички иштер министри Кубатбек Байболовдун маалыматы боюнча, белгилүү күчтөр бүгүн курал колдонуу менен бийликти басып алууну көздөшкөн. Ушундай максатты көздөгөндөр криминалдык чөйрөнү тартып, акча, кол бомба, мылтык, тапанчаларды таркатышкан. Ал эми кечээ Балыкчыга барган кылмыш иликтөө башкармалыгынын үч кызматкерне кол салуу болуп, алардын бирөө оор абалда. Кол салгандар органдын кызматкерлеринин кызматтык куралдарын да тартып алышкан.

Координациялык кеңештин бүгүнкү чечиминде айтылгандай, бийликти басып алууну пландаган жана ага катышкан бардык адамдар жакын арада кармалат. Ал эми борбор шаарда баш аламандыктарга жол берилбейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG