Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:55

Жогорку Кеңеш алдында 400 чамалуу адам калды


“Азаттыктын” кабарчысы парламент имаратынын алдындагы эски аянттан билдиргендей, ушул тапта эртең менен чогулган 2000 чамалуу адамдын 400 чамалуусу калды жана алар ар кай жерлерде топ-топ болуп турушат. Шаардын муниципалдык кызматтары эски аянтты тазалоого киришишти. Мындан бир саатча мурда чогулгандардын 500 чамалуусу “Киршелк” бекетинде куулуп-таркатылып аткандарды көздөй чыгып кетишкен. Алар да жолду тосуп турган күч органдарынын кызматкерлерине жакын келип, таш менен ургулашкан.

“Азаттыктын” дагы бир кабарчысы “Киршелк” бекетинен билдиргендей, таш менен ургулаган соң Бишкектен баргандар да куулуп-таркатылды. Алардын айрымдары кармалып, кыйласы Ново-Покровка айылына кире качышты. Дагы бир бөлүгү Бишкекти көздөй качууга үлгүрүштү. Атайын бөлүктүн аскерлери тазалоо операциясын улантышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG