Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:55

Т.Жунушов: Курултайга Ысык-Көлдөн 2 миңге жакын адам кеткен


“Мекен туу” партиясынын Балыкчы шаарындагы координатору Темирбек Жунушов Ысык-Көлдөн 15тей автобус жана 80дей жеңил унаа Бишкектеги курултайга жетпей калганын билдирди. Анын айтымында, 5-августта түшкү саат 2де Канттагы Киргшелк жолунан 200дөй куралданган милиция саат 5ке чейин өткөрбөй койгондуктан алар тарап, качып кетүүгө аргасыз болгон. Алардын арасында У.Барктабасов өзү да бар.

Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Ж.Илиппаев Барктабасовдун жактоочулары менен милиция кызматынын тирешүүсү болбогонун маалымдаган. Балыкчыдан келаткан У.Барктабасовдун тарапкерлерин кууп таркатууда бир жеңил унаадан көптөгөн ок-дарылар, Ф-1 маркасындагы граната табылды. Мындай олжо “Nissan Cefiro” маркасындагы S 06 20 M номерлүү унааны текшерүү учурунда колго түштү.

Айрымдар У.Барктабасовдун Бишкектеги курултайына Балыкчы эмгек биржасынан жана анын жакындары гана кеткенин айтышса, анын жактоочулары бул маалыматты четке кагышты. (RB/IJz)

XS
SM
MD
LG