Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Укук коргоочу Азимжан Аскаров башка камерага которулду


Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Нурбек Токтакунов кабарлады. Анын айтымында, А.Аскаров мындан 2-3 күн мурда Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайынан облустук бөлүмгө которулган. Учурда анын абалы жакшы жана бул жакта аны эч ким кыйнабаганын айткан.

Эл аралык "Amnesty International" уюму 5-августта билдирүү таратып, А.Аскаров милиция тарабынан кыйноолорго кабылып жатканын, аны токтоосуз, эч кандай шарт койбостон которуу керектигин билдирген болчу. Ошондой эле укук коргоочуну кыйнаган милиция кызматкерлерине иш козголушу керектиги белгиленген.

Буга чейин А.Аскаров аны камерада чогуу отурган адам уруп койгонун, милициялар ага тийбегенин айткан. Бирок адвокат Н.Токтакунов анын мындай билдирүүсүн укук коргоочу коркуп же кыйноолордун кайталанбашы үчүн айтпай жатат деп мүнөздөгөн болчу.

Милиция кызматкерлери жана акыйкатчы Турсунбек Акун А.Аскаровго карата кыйноолор болбогонун белгилешкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG