Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Ош облусунда чегирткелерге каршы чаралар көрүлүүдө


Ош облус губернаторунун орун басарынын милдетин аткаруучу Ахмаджан Махаммадовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, күндүн катуу ысыганынан улам марокко жана азиат чегирткелери көбөйүп, Араван жана Ноокат райондоруна караштуу 8395 гектар айыл чарба аянтын, анын ичинде буудайларды бүлгүнгө учураткан. Учурда мамлекеттик бюджеттин эсебинен аларга каршы авиация күчтөрү жана башка техникалар колдонулуп, чегирткелер дээрлик жок кылынды.

Анткен менен жергиликтүү адистер жер улам которулбай эле айдала бергендиктен жана чегирткелерге каршы алдын ала чаралар көрүлбөгөндүктөн быйыл көптөгөн аянттар түшүмдөн кур калганын айтышат. (ATo)

XS
SM
MD
LG