Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:26

Президент бир катар дайындоолорду жасады


Президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен Бакытбек Алымбеков Ички иштер министринин биринчи орун басарлыгына, Николай Солдашенко, Мелис Турганбаев жана Кашкар Жунушалиев Ички иштер министринин орун басарлары болуп дайындалды. Бусурманкул Таабилдиев Президенттик администрациянын коргонуу, коопсуздук жана тартип коргоо бөлүмүнө жетекчи, Мухамметкалый Абулгазиев Социалдык фонддун төрагасы болуп бекиди.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Динара Кемелова менен Туратбек Жунушалиев Тышкы иштер министринин орун басарлары болуп дайындалды. Андан сырткары Р.Отунбаеванын жарлыгы менен Талас облусунун Бакай-Ата районунун акими Таалайбек Жоробеков, Мамлекеттик мүлк министрлигинин алдындагы банкроттор боюнча департаменттин директору Таалайбек Турдалиев ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG