Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

“Алтай – Ала-Тоо” ат жүрүшү эртең жолго чыгат


Кыргызстандын 40 уруу өкүлдөрүнөн турган топ 8-августта Бишкектеги “Дасмия” эс алуу борборунан жолго чыгышат. Топтун курамына кирген “Манас жаңырыгы” сыналгысынын жетекчиси Темир Токтагазиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, Манас багыты боюнча ат жүрүшкө чыккандарды узатуу салтанатына президент Роза Отунбаева баш болгон өкмөттүн мүчөлөрү катышары күтүлүүдө. Салтанат Кыргызстандын эстрада жылдыздары менен фольклордук топтордун катышуусунда өтөт. Буга чейин маалым болгондой, жүрүштү өлкө башчысы Р.Отунбаева да колдогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG