Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:22

Медведев өрттөн жапа тарткандарга 12 миң доллар чыгарды


"РИА-Новости" агенттигинин маалыматына ылайык, президенттин маалымат катчысы Наталия Тимакова «башка улук кызматкерлер да президенттен үлгү алат» деген үмүтүн билдирди. Москва бүгүн кайра коюу түтүнгө чулганды. Айланасында жапайы өрт токтобой жаткандыктан, Орусиянын баш калаасын кайра түтүн басты. Абанын булганышын көзөмөлдөгөн "Мосеок-мониторинг" кызматы билдиргендей, кычкыл көмүртектин же истин деңгээли ден соолукка зыян келтирбей турган деңгээлден беш эсе көп болуп жатат. Шаардын тургуну Елена "Өтө кыйын, иште аба желдеткич иштебейт. Эки сааттан кийин башыбыз ооруп чыгат" деди. Айдоочулардын көбү күндүз да машинасынын жарыгын күйгүзүп жүрүүгө мажбур, шаар түргундары көчөдө бет кап тагынып чыгышууда. Чукул абалдар министрлиги улуу өрт Борбордук Орусияда дагы деле жайылып жаткандыгын эскертти. Ысык аптап алдыда дагы бир нече күн уланары болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG