Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Москвадагы абанын булганышы кадимкиден 6 эсе жогору


Саламаттык сактоо өкүлдөрү Москвадагы абанын булганышы ден соолукка зыян алып келбеген өлчөмдөн алты эсе жогорулагандыгын билдиришти. Метереологдор кийинки жуманын орто ченинде гана Орусиянын баш калаасынын айланысындагы өрт жалыны солгундашы мүмкүн экендигин болжошууда. Москвага чектеш аймактардагы токойлор менен саздардагы өрт борбор калааны боз түтүн менен иске толтуруп, дарыгерлер элди көчөгө бет кап кийип чыгууга кеңеш берүүдө. Ошондой эле учак каттамдары дагы коюу түтүндүн айынан үзгүлтүккө учурап жатканы кабарланууда. Чукул кырдаалдар министрлиги кооптуу аймактарда негизинен Орусиянын батышында алты жүзгө чукул өрт очоктору катталгандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG