Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

Ошто бүгүн же эртең коменданттык саат жоюлат


Ошто 10-августка чейин коменданттык саат жоюлат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облус губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков билдирди. Анын ырасташынча, өзгөчө кырдаал мезгилинде парламенттик шайлоону өткөрүү кыйын. Андыктан тогузунчу же онунчу август күндөрү коменданттык саат жоюлуп, бирок тартип коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте ишин уланта беришет. Буга чейин Ош аймагынын коменданты Бакыт Алымбеков абал туруктуу болбогонуна карабастан шаар жана райондор өкмөттүн толук көзөмөлүндө экендигин билдирген.

11-июнда Убактылуу өкмөттүн чукул декретине ылайык, калаада орун алган тополоңдон кийин Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыяланып түнкү саат экиден тарта коменданттык саат киргизилген. (ATo)

XS
SM
MD
LG