Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

Ооганстанда гуманитардык уюм кызматкерлеринин өлүмү боюнча тергөө башталды


Аны АКШнын жана Ооганстандан тергөөчүлөрү жүргүзүп жатат. Медициналык он кызматкердин сөөгү өткөн жума күнү Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясынан табылган. Маалыматтарга караганда, алардын сегизи чет элдик, анын ичинде алтоо америкалык, бирөө британ, бирөө немис жараны, экөө оогандар. Киши колдуу болгон чет элдиктердин бешөө эркек, үчөө аял экени айтылууда. АКШнын Ооганстанстандагы элчиси Карл Айкенберри Талибан кыймылы жоопкерчилик алган бул кылмыш боюнча оогандарга жасаган видеокайрылуусунда мындай деди:

-Согушчан, экстремист Талибан кыймылы бул өлтүрүү үчүн жоопкерчилик алды. Биз ал чын эле жоопкерби же башка коркок, кара санатай адамдардын аракетин өзүнө ыйгарып жатабы, билбейбиз. Талибан медициналык жардам көргөзүүчү бул топту тыңчылар жана өз динине азгыруучулар деп атады. Алар мындай эмес болуучу. Өздөрүн силердин өлкөнүн жетүүгө эң оор жерлеринде абдан керек медициналык жардамды бекер көргөзүүгө арнаган кайратуу ыктыярчылар эле.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон кечээги билдирүүсүндө гуманитардык уюм кызматкерлеринин өлтүрүлүшүн жек көрүүчүлүк менен жасалган кыянатчылык катары мүнөздөдү. Талибандын өлтүрүлгөн чет элдиктер оогандарды христанчылыкка азгырууга умтулган деген ырастоосун АКШ Мамлекеттик катчысы да четке кагып, бул жалган жалаа экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG