Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

Р.Отунбаева өспүрүмдөр олимпиадасынын катышуучуларын кабыл алды


Бүгүн Жогорку Кенештин имаратында өлкө президенти Роза Отунбаева Өспүрүмдөрдүн Биринчи олимпиадалык оюнунун катышуучуларын кабыл алды. Президент Сингапурда өтүүчү аталган оюндарга узап бара жаткан кыргыз курама командасынын мүчөлөрүн куттуктап, алардын бири Болотбек Токтогоновго мамлекеттик тууну тапшырып, аларга ийгилик каалады.

Олимпиада оюндарына Кыргызстандан грек-рим, эркин күрөш, сууда сүзүү, бокс боюнча 8 жаш спортчу катышмакчы. Спорттук делагацияны Мамлекеттик спорт жана дене тарбия агенттигинин директору Алмаз Касенов жетектеп барат. Орун алып кайткан спортчуга кыргыз өкмөтү 1-орунга 10 миң, 2-орунга 8 миң, 3-орунга 5 миң доллар байге койгон. Олимпиада оюндары 14-16-августта өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG