Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

5 күрд согушкери түрк армиясы менен кагылышта өлтүрүлдү


Түркиянын түштүк чыгыш Батман провинциясында түн ичинде жикчил Күрдистан жумушчулар партиясынын мүчөлөрү менен түрк армиясынын ортосунда кагылыш болуп, анда беш киши өлүп, экөө жаракат алгандыгын расмий булактар тастыктады. Жекшембинин таңында күрд козголоңчулары койгон жолдун жээгиндеги бомба жарылып үч түрк аскери набыт болгон. Күрдистан жумушчулар партиясы Түркияда жана эл аралык коомчулукта террордук топ деп саналып келет. 1984-жылы Түркиянын түштүгүндө чыккан жаңжалда 45 миңге чукул күрд улутундагылар түрк армиясынын колунан жок болгон.

XS
SM
MD
LG