Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Түштүк Корея Түндүк Кореянын чагымына “чечкиндүү” жооп берерин эскертүүдө


Мындай эскертүү Түндүк Корея эки өлкөнүн Сары деңиздеги талаштуу чек арасына жакын жерлерди артиллериядан аткылагандан кийин жасалды. Сеулдук аскерий өкүлдөрдүн айтымында, дүйшөмбү күнү кечинде атылган 130 дүрмөттүн 10 чактысы чек аранын Түштүк Корея тарабына түшкөн. Түштүк Корея Түндүк Кореянын бул аракетин “өтө олуттуу чагым”, эки өлкө ортосундагы кол салбоо жана ок атышууну токтотуу жөнүндөгү келишимди бузгандык катары баалады. Түндүк Кореянын артиллериядан аткылоосунун жуп алдында Түштүк Корея деңизде беш күнгө созулган жана буга чейин болуп көрбөгөндөй ири аскерий машыгуусун аяктаган эле. АКШ Мамлекеттик департаменти Түндүк Кореянын артиллериялык аткылоосун сындады.

XS
SM
MD
LG