Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Алайкуудан жан-жаныбар качып жатат


Кытай менен бир нече чакырым чектешкен тээ алыскы Көгарт кыштагында учурда 542 үй-бүлө тиричилик кылууда.
Кытай менен бир нече чакырым чектешкен тээ алыскы Көгарт кыштагында учурда 542 үй-бүлө тиричилик кылууда.

Кара-Кулжа районунун Кытай менен чектешкен Алайкуу өрөөнүндөгү Көгарт кыштагында эки застава бар эле. Алардын биринчиси он жыл мурда жоюлса, экинчиси кечээ жакында жабылып олтурат. Жергиликтүү тургундар мунун айынан аймактын экологиясы бузулуп, а түгүл өлкөнүн коопсуздугуна да коркунуч туулуп жаткандыгын айтышууда. Ошол эле учурда мамлекеттик органдар элеттиктердин тынчсыздануусуна жүйөө жоктугун белгилешүүдө.


Акыркы эсептөөлөргө караганда, төрт айыл өкмөтүнөн куралган Алайкуу өрөөнүндө он жети миң калк жашайт. Ал эми Кытай менен бир нече чакырым чектешкен тээ алыскы Көгарт кыштагында учурда 542 үй-бүлө тиричилик кылууда.

Облустун борборунан таңгамаал жөнөп, аталган айылга кечинде кирип бардык. Бизди элден мурда жалгыз ит тосуп чыкты. Ал-жайды сурашып, эшик алдына көчүк баскандан кийин Жутаң Субанов атындагы орто мектептин мугалими Таалайбек Апызаковду кепке тарттык.

- Биздин Алайкуу айыл өкмөтүнүн аймагында мурун Кашка-Суу жана Эшек-Арт заставасы бар эле. Биринчисин 2000-жылы жоюп тынышты. А экинчисин кечээ жакында жаап ташташты. Кыштак Буга чейин абдан токойлуу болчу. Ага жараша жан-жаныбарлары дагы арбын эле. Ошолордун бүтүн бойдон сакталып турушуна, чындыгында, застава катуу тасир эткен. Эми табиятты кошо кайтарган жоокерлер жок мергенчилер кийиктердин ойдогусун ойдо, тоодогусун тоодо баягыл Казакстандын бөкөндөрүндөй кылып кугалап аткылап, чекесинен кырып атышат. Мурда чек арачыларды көрүп сестенип, эч ким мылтык көтөрүп жүрбөйт эле. Мындан тышкары аскерлерден чоочулап карагай-арчаларды дагы кыйышчу эмес. Заставалардын жабылышы экологиянын туруктуу кармалышына чоң кесепетин тийгизди, - деп зынарлады мугалим Таалайбек Апызаков.

Жердешинин кебин эмгек ардагери Бакалбай Тойчуев мындайча улады:

- Чек арадан кабар алган пенде жок. Эшек-Арт заставасын мына кечээ жакында жоюп салышты. Бул катачылыкты оңдоп, аны кайрадан калыбына келтирүү абзел. Кокус Кытай тарап козголуп, бизди басып киришсе, алайкуулуктар кантишет? Муну дагы чоңдоп таптакыр ойлонуша элек. Анан экинчи жагы – автожол элди кыйнап бүттү. Жол кире кескин кымбаттады. Жан башына 600-700 сом төлөп жатабыз. Көгарттыктардын отуз чакты пайызы, айрыкча жаштар, кээде кары-картаңдар деле айылдан көчүп жатышат. Себеби, жашоо барган сайын оорлошуп баратпайбы. Мына чек арабыз азыр ачык эле бойдон калды.

Жергиликтүү коомдук ишмер Сатыбалды Кыдырмышев Кытай менен чек ара тилкелери кыйладан бери жакшылап корголбой калгандыгына эл абдан кабатыр экендигин кошумчалады:

- Чек ара алкагында калк жашабаса, аны эл өзү коргобосо, мамлекеттин бүтүндүгү эч качан сакталбайт. Мына ушул жагынан караганда, жаштардын текши чет өлкөгө агылышы мамлекетибиздин коопсуздугуна жана болочогуна деле чоң коркунуч туудуруп жаткандыгын тануу жарабас.

Кароосуз калган, кулпуланган үйлөр
Сатыбалды Кыдырмышевдин кебине караганда, акыбал ушул тейде уланып олтурса, быйылкыдай туташ кыйынчылыкттан жалкыган Көгарт айылынын тургундары гана эмес жалпы эле Алайкуу өрөөнүнүн жашоочулары сырт жактарга жапырт журт которуусу ыктымал.

Ошентип, мындан он беш-жыйырма жыл мурда айланасын жалаң калың токой курчаган, тоолорунда түркүн куштар сайрап, эчендеген жан-жаныбарлар желип- жорткон Көгарт айылын биз бүгүн тааныбай турдук. Биргездеги көз жоосун алган сулуулуктун чекеси бүгүн дегеле көрүнбөйт. Элетти зерикпей аралап, үйлөрдүн көбүн кулпу кайтарып тургандыгын көрүп, ичибиз эңшерилди.

Айыл чекесиндеги дөңгө жеткенибизде, муздак шамал бетибизди аймалады. Ушул дөңдө олтуруп көгарттык жаш агартуучу Санжарбек Абдыкадыровго микрофон сундук.

- Заставалардын жоюлушу менен «Кызыл китепке» кирген жан-жаныбарлардын көбүнөн ажырап олтурабыз. Алайкууда, менин билишимче, аюу, сүлөөсүн, илбирс, чөө, аркар, кулжа, эликтер, чубасак тизмеси түгөнбөс, азыр дээрлик калбай баратат. Ылаачын, өрдөк, бүркүт, туйгун дегендердин бардыгы бей-жай атылган октон үркүп, учкан бойдон Кытайды карай ооп кетишти. Ушундай кырдаалдан улам биздин био чөйрөдөгү заттардын алмашуусун туруктуу камсыз кылып турган жан-жаныбарлардын бардыгы чет өлкөгө житип жоголушту, - деп коңгуроо какты жаш агартуучу Санжарбек Абдыкадыров. Ал ошондой эле Кыргыз бийлиги бул багытта чукул чараларды көрбөсө, аймак экологиялык апаатка кабылаарын эскертти.

Каралбай калган үйлөрдүн калдыктары
Эртеси Алайкуудан кайтып келатып жол ката тийиштүү мекемелер менен байланыштык. Ош аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой экосистемасын өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Жаныбек Баатыров Алайкуудагы экологиялык акыбал көңүл борборунда экендигин, ал эми сейрек кездешчү жан-жаныбарлар адистер тарабынан катуу көзөмөлдөнүп жаткандыгын билдирди.

А Көгарт кыштагындагы чек ара бөлүктөрүнүн жабылышы туурасында чек ара аскерлеринин кол башчысынын биринчи орун басары Чолпонбек Турусбековго кайрылганыбызда, ал бир нече жолку сурообузду жоопсуз калтырды.
XS
SM
MD
LG