Улуттар уюмунун гуманитардык иштерди координациялоо боюнча кеңсесинин эсебине караганда, быйылкы селдин материалдык чыгымы Инди океанда 2004-жылы болгон цунаминин, 2005-жылы Пакистандын өзүндө, быйыл Гаитиде болгон жер титирөөнүн чыгымдарын бирге алганда да ашып кетти. Андан ар кандай деңгээлде 13, 8 миллион адам жабыр тартты. Өлкөнүн түштүгүндө 1,5 миллиондой адам эвакуцияланды. Борбордук Пенжаб провинциясында 1,5 миллион гектар айдоо аянты талкаланды. Селден эң көп зыян өлкөнүн Талибан менен күрөш жүргүзүп келе жаткан түндүк-батышына тийди. БУУнун атайын чабарманы Жан -Морис Рипердин айтымында, Пакистан гуманитардык максаттагы чукул керектөөлөрү үчүн жүз миллондогон, ал эми селден талкаланган инфраструктураны калыбына келтирип, жашоого шарт түзүү үчүн миллиарддаган долларга муктаж. БУУнун чакырыгынан бир нече сааттан кийин эле АКШ селден жабыр тарткандарга берилүүчү жардамдын көлөмүн 35 миллиондон 55 миллион долларга көтөрдү. Өлкө алааматка кабылган кезде Британия менен Францияда саякаттап жүргөнү үчүн сынга алынган президент Асиф Али Зардари мекенине кечээ кайтып барды.
Бул аралыкта Талибандын Пакистандагы бөлүмү чет элдик жардамды албоо чакырыгы менен чыкты. “Техрик –е- Талибан” уюмунун өкүлү Азам Тариктин Франс Пресс агенттигине айтканына караганда, “америкалыктардын же башкалардын жардамын алгандык аларга багынып берүүгө алып барат”. Ал Талибан өкмөткө селден жабыркагандар үчүн 20 миллион доллар бере аларын белгиледи.