Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

А.Бекназаров вице-премьер-министр болуп дайындалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин администрациясынын Маалыматтык тескөө борборунун жетекчиси Фарид Ниязов билдирди. Мындай жарлыкка президент Роза Отунбаева кол койду.

Кечээ А.Бекназаров маалымат жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү кыйын кырдаалда парламенттик шайлоого барбоону, анын ордуна укук коргоо органдарынын иштерин көзөмөлдөө максатында техникалык өкмөттүн курамында калуу чечимине келгенин билдирген.

Буга чейин ал мурдагы Бириккен элдик кыймылын партия кылып түзүп, шайлоого барууга ниеттенип турганын билдирип келген. Ал 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөттүн курамында сот жана прокуратура тармагын көзөмөлдөп турган болчу.

Ошондой эле президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Топчубек Тургуналиев президенттин саясий иштер боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. (IJz)

XS
SM
MD
LG