Бир катар өкмөт мүчөлөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн коштоосунда жүргөн президент Роза Отунбаева алгач Базар-Коргон районунда июнь айында өрттөлүп кетип, кайра курулуп жаткан эки үйдүн курулушу менен таанышты. Андан кийин ал 13-июнда Ош-Бишкек жолундагы Кара-Үңкүр дарыясынын алдына чогулган адамдар тарабынан денесине 27 жолу бычак сайылып, өрттөлүп өлтүрүлгөн Базар-Коргон айылдык участкалык милициянын инспектору Мыктыбек Сулаймановдун үйүндө болуп, куран окутуп, үй-бүлөсүнө материалдык жардам берди. Мыктыбек Сулаймановго милициянын майору деген наам жана "Эрдик" медалы берилген. Учурда Роза Отунбаева баштаган топ чек арага жакын Чек айылына жөнөп кетти. Президенттин иш сапары бүгүн кечки саат алтыга чейин созулат. Бул туурасында "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы билдирди. (AzK)