Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Улуттар уюму Пакистан үчүн 460 миллион доллар издөөдө


Бул каражат акыркы 80 жыл ичиндеги эң катуу селден жабыркаган миллиондогон кишиге чукул жардам көргөзүү үчүн керек. Улуттар уюму дүйнө өлкөлөрүнө ушул каражатты чогултуу чакырыгы менен кайрылды. БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Жон Холместин айтымында, чукул жардамга 6 же 7 миллион адам муктаж. Аларга башпаанектөөчү жай, азык-түлүк, таза суу жана дары-дармек керек. Улуттар уюму издеп жаткан 460 миллион доллардын 150 миллиону буга чейин убада кылып, акча келүүчү булак аныкталган. Эми дагы 300 миллион доллардан ашуун каражат табуу талап кылынууда. БУУнун баш катчысынын орун басары белгилегендей, эң чоң салымды АКШ кошуп, 71 миллион доллар бөлүүнү убада кылды. АКШ ошондой эле Пакистанда жардам жеткирүү ишине тартылган тик учактарынын санын үч эсеге көбөйттү. Жалпысынан Пакистандагы селден ар кандай деңгээлде 14 миллион киши жабыр тартты. Алардын 6 миллиону жаш балдар.

XS
SM
MD
LG