Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:47

ЕККУнун полициялык кеңешчи тобунун курамы бекүү алдында


Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ушул тапта Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кыргызстанга келе турган полициялык кеңешчи тобу куралып бүтүп калды.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстанга келчү полициялык кеңешчи топко Түркия 15 чамалуу өкүлүн, Сербия 10, Орусия 7, Латвия 3, Болгария 3, Словакия 3, Финляндия 2, Литва менен Швеция бирден өкүлдөрүн жиберишерин билдиришкен.

Ошондой эле ЕККУнун Туруктуу Кеңеши өз чечими менен аталган полициялык кеңешчи топтун бюджетин аныктап, 3 миллион 775 миң евро бөлмөй болду. Бул каражаттын көбүн АКШ өкмөтү бере турганын билдирди. Ага ылайык жогорудагы сумманын 1 миллион долларын АКШ, 120 миң евросун Финляндия, 100 миң евросун Түркия жапмай болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG