Карачи шаарындагы портко кеме менен миңдей америкалык аскерге кошо тик учактар да алынып келинди. АКШ селден улам Пакистанга чукул жардам иретинде 71 миллион доллар жардам убада кылган. Улуттар уюмунун эсебинде чукул жардамга өлкөнүн 7 миллиондой тургуну муктаж. Бул аралыкта Пакистандын өкмөтү өлкөнүн өзүндө селден жапа чеккендерге жардамды тез көрсөтө албаганы үчүн сынга алынууда. Президент Асиф Али Зардари суу баскан аймакка кечээ алгачкы ирет барды. Ал сел жүргөн күндөрү Европадагы сапарын токтотуп, мекенине кайтпаганы үчүн катуу сынга кабылган.