Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

Жалал-Абадда жабыркагандарга үй курулууда


Облус борбору менен Базар-Коргон районунда 40 үйдүн пайдубалы куюлду. Өткөн айлардагы баш аламандыктарда облуста 424 турак-жай өрттөлүп, жараксыздыкка чыккан. Бул тууралу Жалал-Абад, Ош шаарларын калыбына келтирүү мамдирекциясынын облустагы өкүлү Талант Исмаилов 13-августта өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, курулуштун 70 пайыз каражатын эл аралык уюмдар менен мамдирекция, 20 пайызын жергиликтүү казына, калган 10 пайызын үй ээлери төлөөсү абзел. Эмки жумадан тарта жабырлангандардын үй курулушуна жараша алардын наамына 200 миң сомдон насыя акчалар которулат. Ал үчүн жапа чеккендер өздүк документтерин тактоолору абзел. Жаңы үй тургузгусу келбеген жабырлануучуларга кайтарымсыз 50 миң сомдон жардам берилет, кышка дейре бардык үйлөр бүтөт, - деп ишендирди ал.

Президент Роза Отунбаева 12-августта барган кезде ага жолуга албаган, турак-жай курулушу баштала элек базаркоргондук жабырлануучулар чатырда баш калкалап, акча, курулуш материалдары бериле электигине нааразы болуп, кыш түшсө кайда жашаарын билбей тургандыгын “ Азаттыкка” билдиришкен. (YA)

XS
SM
MD
LG