Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Мянмада соңку 20 жылдагы биринчи шайлоо болот


Шайлоо 7-ноябрда өтөрүн Мянманын өкмөттүк булактары жарыялады. Шайлоону утурлай аскерий хунта бир катар мыйзамдарды жана эрежелерди кабыл алган. Бул чараларды эл аралык коомчулук жана оппозиция лидери Аун Сан Су Чжи адилетсиз, демократиялык эмес деп сындашты. Су Чжи башындагы Демократия үчүн лигасы шайлоого бойкот жарыялады. Су Чжи айымдын партиясы 1990-жылкы шайлоодо парламенттеги көпчүлүк орунга ээ болгон. Жеңишти аскерий хунта тааныган эмес жана Су Чжи айым 15 жылдан бери үй камагында.

XS
SM
MD
LG