16-августта башталчу эл аралык машыгууга 1 миңден көп аскер, анын ичинде Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн авиадесантчылары катышат. Казакстандын коргоо министрлиги кабарлашынча, 10 күндүк машыгуу “Талаа бүркүтү” деп аталат.
Британиянын аскерий атташеси Симон Фитцгиббондун сөзүнчө, машыгуунун максаты - “НАТОнун тынчтык операцияларын колдоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу”. Тынчтык операциялары БУУнун мандаты менен аткарылат.