Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:07

Нарын губернаторунун жаңы орун басары дайындалды


Нарын облустук мамлекеттик админстрациясынан билдиришкендей, буга чейин Балыкчы шаарынын биринчи вице-мэри болуп иштеген Сабырбек Сардарбеков Нарын облусунун губернаторунун орун басары болуп дайындалды. 53 жаштагы С. Сардарбеков жогорку билимдүү, алгачкы эмгек жолун мугалим болуудан баштаган.

Губернатордун мурдагы орун басары Эрлан Сапарбаев Торугарттагы бажы бекетин ичкери көздөй 60 чакырымга чукул жылдырууга каршылыгын билдирип жана облустук администрациядагы жаш кадрлар, алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча губернатор Турдубек Мамбетов менен пикир келишпестик болду деп, өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазган. Бирок губернатор Т. Мамбетов Э. Сапарбаевдин жүйөөлөрүн четке кагууда.(JI)

XS
SM
MD
LG