Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Сингапур олимпиадасында кыргызстандык балбан коло медалдын ээси болду


Сингапурда өтүп жаткан Жаштардын I олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык Шадыбек Сулайманов кубалык атаандашын утуп, үчүнчү орунду ээледи. Бул кыргызстандык спортчулардын Сингапур олимпиадасындагы алгачкы ийгилиги.
Бүгүн кечке жуук кыргызстандык дагы бир күрөшчү Урмат Аматов украиналык балбан менен алтын медаль үчүн күч сынашат. Бул туурасында Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз катчысы Кабыл Макешов “Азаттыкка” билдирди. (KKs)

XS
SM
MD
LG