Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Алтайга кеткен зыяратчылар Манастын Кан-Тоосуна чыгып, сыйынып кайтышты

Алтайга барган алатоолук зыяратчылар Алтай Республикасынын борбору Горно-Алтайскиден 250 чакырым алыстыкта жайгашкан Чамалган өрөөнүндөгү Манастын туулган жери катары белгилүү Кан-Тоого чыгып, сыйынуу ырым-жырымдарын өткөрүп түшүштү.

Экспедициянын жетекчилеринин бири Акылбек Мураталиев “Азаттыкка” менен телефон аркылуу байланышып, Кан-Тоого сыйынуу каадасы кырсыктан сырткары жакшы өткөнүн билдирди. Анын айтымында, Кан-Тоого жол татаал болду, ошого карабастан зыяратчылар ал жерге жете бербей токтоп, өргүп, беш чатыр жана бир боз үй тигип, бир тай, үч кой союп, ырым-жырымдарды жасашты. Андан кийин зыяратчылар Манастын киндик каны тамган жери Кан-Тоого 12 чакырым жөө басышты. Кан-Тоонун жанындагы көлгө жетип, жүз чайып тилек айтып, сыйынып, ошол жердин топурагынан алып кайра жөө 14-августта кайтып келишти.

Кыргыз зыяратчыларын жергиликтүү алтайлыктар жана Новосибирскидеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү коштоп жүрүшөт. 15-августта алар алтайлыктардын чакыруусу менен Он-Кудай деген жерге барып, кыргыздын Манас айтуу өнөрүн жана башка улуттук чыгармачылыктын жетишкендиктерин көрсөтүшөт. Андан кийин Горно-Алтайск шаарына кайтышат.

Алтайдын руханий жолбашчысы Акай Киненин чакыруусу боюнча Ала-Тоодон кырк уруу кыргыздын кырк жигити жана аларды коштогон коомдук жана маданият ишмерлери 8-августта Алтайга кетишкен. Алар жөнөп кетердин алдында Манастын туулган жеринен Кыргызстанга кырк ат минип, атчан жүрүш менен кайтып келүү планы бар экендиктерин жарыя кылышкан.
XS
SM
MD
LG